Эмгекчил айыл аймагынын айылдык кенешинин ХХVII -чакырылышынын кезексиз сессиясынын № 2 Т О К Т О М У

шапка-токтом-Эмгекчил

Эмгекчил айыл аймагынын айылдык кенешинин ХХVII -чакырылышынын

кезексиз сессиясынын

№ 2  Т О К Т О М У

Эмгекчил айылы                                                            2021-жыл 30-март

 

Эмгекчил айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө тарифтерди

бекитүү жөнүндө

                  Күн тартибиндеги маселе боюнча   айыл элинин  чогулушу  боюнча айылдык кенештин       тѳрагасы  Б.Сураповдун билдирүүсүн угуп  жана талкуулап  сессия токтом  кылат:

 

  1.  Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жазгы талаачылык жумуштары боюнча     төмөндөгүдөй тарифтер бекитилсин.
  2. Соко дын жер аянтын бузса 25л күйүучү май, акысы 1200-00 сом.
  3. Соко айдалып жүргөн жер аянтын айдаса 25л күйүучү май, акысы 1000-00 сом.
  4. Тырмоо 10 литр күйүүчү май, акысы 400-00 сом.
  5. Тырмоо экинчиси болсо 5л күйүучү май,акысы 200 сом болуп бекитилсин.
  6. Себүүчү шайманга 10л күйүучү май, акысы 400 сом.
  7. Арык тартуучу шакап 5л күйүүчү май, акысы 150 сом.

 

  1.   Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүндө мал чарбасы  боюнча төмөндөгүдөй тарифтер   бекитилсин.
  2. Кой-эчки 50-00 сом
  3. Уй-300-00 сом
  4. Жылкы 250-00 сом болуп бекитилсин.

 

  1. Бул  токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн     башчысы  А.Бектуровго милдеттендирилсин.

 

 

        Тѳрага                                                                                                      Б.Сурапов

Комментирование запрещено